Коргоо өнөр жайы жарманкеси Стамбулда өтүп жатат

Жарманке 8-майга чейин созулат.

261735
Коргоо өнөр жайы жарманкеси Стамбулда өтүп жатат


Дүйнөдөгү эң ири коргоо өнөр жайы жарманкелеринин бири болгон İDEF-2015тин ачылышын президент Режеп Таййип Эрдоган ишке ашырды.
12-жолу уюштурулган İDEF жарманкеси коргоо өнөр жайы менен түздөн-түз жана кыйыр түрдө байланышкан бардык өнөр жай тармактарын камтууда.
Эл аралык коргоо өнөр жайы жарманкеси катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда достук жана кызматташууну өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноодо.
İDEF-2015 12-Эл аралык коргоо өнөр жайы жарманкеси 5-8-май күндөрүнүн арасында Стамбулдагы Жанманке жана Конгресс борборунда өткөрүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар