14 - Бостон түрк кино жана музыка фестивалы аяктады

Концерттик программада бир убактар тамгасын баскан ырлар аткарылды

256334
14 -  Бостон түрк кино жана музыка фестивалы аяктады

Фестивадын негизинде Neotalia тобунун ностальгиялык түрк кино музыкаларынан турган концерт абдан чоң кызыгуу көрдү. «Түрк киносунун унутулгус музыкалары - A Celebration of Music in Turkish Cinema" деп аталган концерттик программада "Selvi Boylum Al Yazmalım", "Hababam Sınıfı", "Hatırla Sevgili", "Kara Gözlüm", "Arım Balım Peteğim", "Hayat Bayram Olsa" сыяктуу бир убактар тамгасын баскан ырлар аткарылды.
Бостон түрк кино жана музыка фестивалынын музыка программасында 2006 - жылдан бери заманбап түрк өнөрпоздору түрдүү формаларда өз чыгармачылыктарын сунуштап жана түрк өнөрпоздорун музыка сүйүүчүлөр менен жолугуштурат. Фестивалдын кино программасы болсо 2001 - жылдан бери жыл сайын түрк киносунун тандамал мисалдарын Бостон көркөм өнөр музейинде кино сүйүүчүлөр менен жолугуштурат.
Фестивалдын жетекчилери бул жылы программада орун алган бардык режиссерлорго, продюссерлерге, санатчыларга, музыканттарга, катышуучуларга жана иш чаранын негизги спонсорлору башта болуу менен Turkish Cultural Foundation, Маданият жана туризм министрлиги, Түрк таанытуу фонду жана Түрк аба жолдоруна берген колдоосу үчүн рахмат айтышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар