«Радио күндөрү» башталат
Радио күндөрү 2 – 6 – май күндөрү Стамбулда өткөрүлөт
Радио берүүлөрүнүн 88 – жылын белгилеген ТРТ адистери, кызматкерлери жана өткөн күндөгү тажрыйбалары менен Стамбулда радио сүйүүчүлөр менен жолугушат. ТРТ уюштурган иш чарада угармандарды жоолугуштуруу менен бирге өткөн күндү жана бүгүнкү күндү эске салат.
Бешикташ жана Кадыкөйдөгү аянттарга айнектен радио студиялары курулат. Менчик радио кызматкерлери менен бирге бул жерге келген коноктор каалаган музыкаларды бере алышат. Караоке студиясында аткарылган ырлар сакталат. Күн сайын кечинде концерт берилет.
Кадыкөйдөгү радио айылында болсо араларында Орусия, Испания, Палестина, Кипр жана Босния – Герцоговина болгон 12 өлкөдөн келген радио кызматкерлери өз тилдеринде өлкөлөрүнө маалыматтарды беришет. Билим берүү ательелеринде ТРТнын адис кызматкерлери угармандар менен жекеме жеке жолугушуп, суроолоруна жооп беришет жана дикция менен мимикаларды колдонуу боюнча маалыматтарды беришет. ТРТнын баш директору Шенол Гөка угармандарды Бешикташ жана Кадыкөйдө курула турган «Радио чатырына» чакырды.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718830446)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718830446)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.