«Баку-2015» Олимпиада оюндарынын оту жагылды

«Баку-2015» Европа оюндарынын оту жагылып Бакудан жолго чыкты.

252157
«Баку-2015» Олимпиада оюндарынын оту жагылды


Азербайжандын президенти Илхам Алиев борбор шаар Бакуда 12-28-июнь күндөрүнүн арасында өткөрүлө турган «Баку-2015» Европа оюндарынын отун тутандырды.
«Баку-2015» Европа оюндарынын оту жагылып Бакудан жолго чыкты.
Олимпиада оту Азербайжандын 60 башка аймагында 48 күндө 5 миң километрден ашуун аралыкты айланып өтөт.
Бир миң спортчу менен өлкөнүн төрт тарабын айланып чыга турган олимпиада оту 8-июнда кайра Бакуга жетет.
Отту тосуп алган 50гө жакын шаарда салттык аземдер жана от фестивалдары өткөрүлөт.
«Баку-2015» Европа оюндарында 49 Европа өлкөсүнөн 6 миңден ашуун спортчу 20 тармакта медаль үчүн таймашат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар