Балдардын фестивалына Кыргызстан да катышты(видео)

Эл аралык Балдардын фестивалына Кыргызстандан Кыргыз-Түрк Анадолу кесиптик лицейинин бийчилери катышты.

246445
Балдардын фестивалына Кыргызстан да катышты(видео)

Түркияда 23-апрель Эгемендик жана Балдардын Майрамы катары көптөн бери белгиленип келет. Бул күн Түркия мамлекетинин куруучусу Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан дүйнөлүк балдарга белек кылынган.
Бул майрамга карата ТРТ, 1979-жылдан бери фестиваль уюштуруп, дүйнө жүзүнөн балдарды жыл сайын чакырып тынчтыкка салым кошууда.
Бул фестивалга быйыл Кыргызстандан Кыргыз-Түрк «Анадолу» кесиптик лицейинин бий тобу келип катышты. Бийчилер тобун жетектеп келген Рина Токтоноева жана бийчи кыздар менен болгон видеомаекке көңүл буруңүздар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар