Эрдоган кино тартылган аянтты кыдырды

Эрдоган: "ТРТ-рейтингдерде рекордго жетишти.Куттукаймын"-деди.

241584
Эрдоган кино тартылган аянтты кыдырды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кожаэли СЕКА Парктагы чоң аянтта тартылып жаткан ТРТнын кызыгылып көрүлгөн сериялы «Бир осмондук детективи-Филинта» менен ошол жерге барып таанышты.
Эрдоганды ТРТнын башкы директору Шенол Гөка менен кино тартуучулар жана актерлор бирге тосуп алышты.
Кино тартылган аянттын кудум эле Осмон мезгилин жашатканын баса белгилеген Эрдоган: «Бул жерде бир нукуралуулук бар. Тартылган аянт катары абдан ийгиликтүү. Оюн чеберлерибиздин костюмдарындагы дизайндар абдан сапаттуу болуптур»-деди.
Түп нускасына окшош жасатылган Абдүлхамид Хандын нукура формасы президент Эрдоганга белек кылынды.
Президент Эрдоган ТРТнын акыркы убакта чоң секириктерди жасаганын жана ийгиликтүү иштерди аткарганын баса белгиледи.
ТРТ рейтингдерде рекордго жетишкенин айткан президент, ал учурда кино тартуучулардын да тыгыз кызыгуусуна күбө болду.
ТРТ-1 экрандарынан 23-февралда чыга баштаган «Бир осмондук детективи-Филинта» шейшемби күндөрү көрөрмандарды экрандарга тушап коюусун улантууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар