ТРТнын жаңы каналы эфирин баштайт

ТРТнын англис тилиндеги каналы TRT WORLD жакында эфирге берилет.

238743
ТРТнын жаңы каналы эфирин баштайт

TRT WORLD каналы сыноо берүүлөрүн баштады. Стамбулдун Улус районундагы TRT WORLD студияларын кыдырган ТРТнын башкы директору Шенол Гөка, мекемедеги өзгөрүү жана жаңы канал туурасында маалымат берди. TRT WORLD каналынын техникалык базиси аяктаганын белгилеген Гөка: «Техникалык жактан даяр болгонубузду көрдүк. Мындан кийинки баскыч да мазмунга байланыштуу болот. Бул темада да профессионалдуу топтор тарабынан жүргүзүлгөн тыгыз иштер уланууда. Жакында сыноо берүүлөрүн баштайбыз»-деди.
Жетилген адам жагынан ТРТнын маанилүү мүмкүнчүлүктөргө ээ болгонун түшүндүргөн башкы директор, техникалык жактан колдо турган жетиштүүлүктүн тек гана кыймылга өтүү менен ишке киргенин айтты.
Шенол Гөка ТРТ жана «Анадолу» агенттигинин глобалдык деңгээлде басымдуулугу күн өткөн сайын дагы көп сезилген «soft power» болгонун белгиледи.
Берүүлөр боюнча жооптуу башкы директордун орун басары Ибрахим Эрен да 24 саат эфирге чыга турган, борбору Стамбулда болгон, бирок дүйнөнү дүйнөгө түшүндүрө турган адамга багытталган эл аралык кабар каналы боло турганын айтты.
Эрен Азия, Америка жана Европа материктеринде ар түрдүү өкүлчүлүктөрү жана бир топ тармакта кабарчылары орун ала турган каналдын, күнүгө дүйнөнүн ар түрдүү жерлеринен тынымсыз, күчтүү, жаңы, башкача, атайын жана ишеничтүү кабарларды, адамга багытталган аңгемелерди көрүүчүлөрдүн назарына сунуштай турганын белгилеп өттү.
TRT WORLD атайын бир модель болгонун сөз кылган Эрен, ушул убакта Куала Лумпур, Вашингтон жана Лондондогу студиялар курулуу баскычында болгонун билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар