Измирге көбүнчө германиялык туристтер келет

Измирге жылдын алгачкы үч айында көпчүлүгү немистерден турган 80 миң турист келди.

233162
Измирге көбүнчө германиялык туристтер келет

Измирге көбүнчө германиялык туристтер келет.
Маданий жана тарыхый мурасы, табигый жаратылышы менен Түркиянын маанилүү туризм борборлорунун бири болгон Измирди эң көп немистер кыдырышты.
Измирдин Маданият жана туризм директорлугунун көрсөткүчтөрүнө караганда Мариям эне үйү жана байыркы Эфес шаары, туристтик аймак Чешме, өткөн жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Бергама сыяктуу баалууктарга эгедер Измирге жылдын алгачкы үч айында көпчүлүгү немистерден турган 80 миң турист келди.
Немистерден кийин англиялыктар, ирандыктар турса ал эми Греция, Дания жана Италья «Эгейдин бермети» деп мүнөздөлгөн Измирге эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн арасында орун алды.
Измирдин ушул эле мезгилде эң аз турист тарткан өлкөлөрдүн башында болсо Сауд Арабия жана Судан турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар