Немрут тоосунда туризм сезону ачылды
Немрут тоосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алууда.
231104
Адыямандагы Немрут тоосунда туризм сезону ачылды.
ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган жана «Дүйнөдөгү сегизинчи керемет» деп мүнөздөлгөн Немрут тоосу сезондун алгачкы туристтерин тосо баштады.
1988-жылдан бери улуттук парк катары колдонулуп келе жаткан аймакта эллинизм доорунун атактуу мамлекеттеринен Коммаген королу Антиох Теостун көрүстөнү менен катар көп сандаган грек жана перс теңиринин эстеликтери да бар.
2 миң 200 метр бийиктиктеги Немрут тоосу «Күндүн чыкканы жана батканы эң кооз көрүнгөн жер» катары белгилүү.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1719019451)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.