Поп музыкасынын чебери акыркы жолчулугуна узатылды
Түрк поп музыкасынын улуу чебери Каяхан дарыланып жаткан ооруканада 66 жашында каза болду
Түрк поп музыкасынын чебери Каяхан акыркы жолчулугуна узатылды. Чебер өнөрпоз үчүн биринчи салтанат Стамбул Жемал Решит Рей залында өткөрүлдү. Салтанатка жубайы Ипек Ачар, кызы Аслы Гөнүл жана Бесте менен бирге достору катышты. Окулган дубалардан киийн Каяхандын жаназасы Тешвикие мечитине алып барылды. Мечит өнөрпозду сүйгөндөр менен толду. Жаназа намазына президент Р. Т. Эрдоган менен маданият жана туризм министри Өмер Челик да катышты. Каяханды достору менен көп сандаган жаран жалгыз калтырышкан жок.
Каяхандын үй – бүлөсүнө көңүл айткан президент Каяхандын сөөгүн мечиттин чыга беришине чейин алып барды. Каяхан Ачардын сөөгү Канлыжадагы мазарга коюлду. Түрк поп музыкасынын улуу чебери Каяхан дарыланып жаткан ооруканада 66 жашында каза болду.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.