Дагы бир маанилүү иш-чара
Түркия токойлорду көбөйтүү үчүн дагы бир маанилүү иш-чара жүргүзүүдө.
279682
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын жетекчилигинде 81 областта Берекет токойлорун куруу үчүн жаңы долбоор баштатылды.
Токой чарба жана суу иштери министрлиги жүргүзө турган долбоор аркылуу токойлордун көбөйтүлүшү жана жаңы муунга жашыл планета калтырылышы максатталууда.
Айрыкча балдар жана жаштар айлана чөйрөнү коргоого тартылат.
Долбоордун алкагында 26-мартта Анкарада көчөттөр отургузулат.
Ушул эле күнү 81 областта бир учурда ушундай иш-чаралар өткөрүлөт.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1719067937)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.