Түркия – Германия кино фестивалы башталды

Фестивалдын алкагында Түркиядан 5 жана Германиядан 4 болуу менен 9 кино фильми жарышууда

263400
Түркия – Германия кино фестивалы башталды

Германиянын Нюрнберг шаарында 20 - өткөрүлгөн фестивалдын ачылуу галасында Явус Тургул, Шенер Шен жана Ханна Шыгуллага сыйлык берилди. Фестивалдын алкагында Түркиядан 5 жана Германиядан 4 болуу менен 9 кино фильми жарышууда.
Конкурска катышкан кинолордун үзүндүлөрү көрсөтүлгөн аземде сөз сүйлөгөн Нюрнберг мэри Ульрих Малы Германиядагы исламга каршы ПЕГИДА митингдерине эң жакшы жооптун түрк - немис достугун чагылдырган Нюрнберг кино фестивалы менен берилгенин айтты. Немис кино өнөрпозу Ханна Шыгулла да түрк - немис достугуна токтолгон сөзүндө немис коомунун түрктөрдүн динамизми менен жашарганын белгиледи. Түркиянын Нюрнберг башкы консулу Асип Кая да мындай иш чаралардын түрк жана немис коомдорунун биригүүсүнө чоң салым кошконун белгиледи. 10 күнгө созула турган фестивалде концерт жана кинолор көрсөтүлөт жана акырында да сыйлык берүү аземи менен аяктайт.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар