Эл аралык авиация жарманкеси

Австралияда Эл аралык авиация жарманкеси өтүп жатат.

236625
Эл аралык авиация жарманкеси


Дүйнөдөгү алдыңкы авиациялык иш-чаралардын бири болгон жарманкеге 20дан ашуун өлкөдөн 600 чакты фирма катышууда.
Жарманкеде согуштук учактардан- куткаруучу тик учарларга чейин көптөгөн техникалар көрсөтүлүп жатат.
Акыркы технология колдонулган абадан коргонуу системалары, эрте эскертүүчү учактар, учкучсуз учактар да жарманкеде орун алууда.
Жарманкеге АКШ, Япония, Франция, Канада жана Кытай сыяктуу абадан коргонуу өнөр жайында күчтүү өлкөлөр жана авиация тармагындагы лидер мекемелер катышууда.
Түркияны Рокетсан өкүлдүк кылган бул маанилүү иш-чара 1-март жекшемби күнүнө чейин созулат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар