Оскар сыйлыктары ээлерин тапты
Голливуддагы Долби театрында Оскар сыйлыктарын тапшыруу аземи өттү.
Кино дүйнөсүнүн эң престиждүү сыйлыктарынан бири катары кабыл алынган 87-Оскар сыйлыктары ээлерин тапты.
Голливуддагы Долби театрында өткөрүлгөн сыйлык тапшыруу аземинде эң мыкты кино тасма номинациясында Оскарды бир Бродвей оюнуна жол башчылык кылып өчүп бараткан карьерасын кайрадан жандандыруунун жолдорун издеген кишинин аңгемесин түшүндүргөн Birdman(Ителги) алды.
Birdman ошол эле учурда режиссеру Алехандро Гонзалез Инаритуга эң мыкты режиссер сыйлыгын алып берди.
"The theory of everthing" кино тасмасында Стивен Хокингдин ролун ойногон Эдди Редмэйн эң мыкты эркек оюнчу сыйлыгына ылайык көрүлсө, эң мыкты аял оюнчу сыйлыгына "Still Alice" кино тасмасындагы альцгеймер оорусунун босогосунда турган аялды чагылдырган Жулианна Мур татыктуу болду.
Эң мыкты жардамчы эркек оюнчу сыйлыгы "Whiplash" кино тасмасындагы ийгилигинен улам Ж.К.Симминске берилсе, эң мыкты жардамчы аял оюнчу сыйлыгы «Boyhood» кино тасмасында баласын өзү жалгыз өстүргөн энени чагылдырган Патрисия Аркеттке берилди.
Эң мыкты чет өлкөлүк кино тасма сыйлыгын болсо польшалык кино тасма "İda" алды.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.