Түштүк-чыгыштын жаңы символу
«Зеугма» мозаика музейин өткөн жылы 206 миң киши кыдырды.
216483
Дүйнөдөгү эң чоң мозаика музейи наамын Тунистеги «Бардо» музейинен өткөрүп алган Газиантептеги «Зеугма» мозаика музейи аймак туризминин символу болду.
Бул аймакка келгендердин саны барган сайын көбөйүп, музейди өткөн жылы 206 миң киши кыдырды.
30 миң чарчы метрдик аянтта курулган музей, шаарга келген жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусун арттырууда.
Президенттиктин Маданият жана көркөм өнөр сыйлыгына татыктуу көрүлгөн музейде «Цыган кыз», «Марс айкели», Рим дооруна таандык суу чорголору жана Евфрат дарыясынын жээгиндеги үйлөрдө табылган мозаикалар көрсөтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718933483)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.