Чүпүрөктөр менен картина жасады

Севил Ялчындуран Гиннесс Рекорддор китебине талапкер болду.

214899
Чүпүрөктөр менен картина жасады

Таштанды чүпүрөктөр менен картина жасады.
Измирде жашаган 83 жаштагы Севил Ялчындуран бири-биринен кызыктуу чүпүрөк картиналарды жасап Гиннесс Рекорддор китебине талапкер болду.
Өзүнө абдан ишенгенин айткан Ялчындуран: «Гиннесс Рекорддор китебине кайрылдык, кабыл алынат деп ойлоп жатам. Анткени дүйнөдө менден башка жасаган жок болуш керек. Эч уккан эмесмин»,-деди.
Ушул учурга чейин 100дөн ашуун картина жасаган жана 7 жеке көргөзмөсүн ачкан Севил Ялчындуран жасоо ыкмасын башкаларга да үйрөткүсү келет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар