Түркияга каршы медиа чабуулу жүрүп жатат

Ялчын Акдоган Түркияга эч кимдин багыт бере албай турганын да баса белгиледи.

196861
Түркияга каршы медиа чабуулу жүрүп жатат

Вице-премьер Ялчын Акдоган: «Түркияга улуттан башка эч ким багыт бере албайт»-деди.
Вице-премьер Ялчын Акдоган акыркы убакта өлкө жана өкмөттүн медиа чабуулуна туш болгонун белгилеп өттү.
Акдоган Кайсериде Аймактык 1-Медиа сынагынын сыйлык тапшыруу аземине катышты.
Ялчын Акдоган аземде аймактык басма сөздүн күчтөнүшүнүн Түркиянын маркалашуусу жагынан орчундуу мааниси болгонун белгиледи.
Акдоган эл аралык күч борборлорунун жана лоббилердин Түркияга каршы медиа манипуляцияларынын чоң түшүнүк согушу болгонун айтты.
«Түркияда багыт алмашуусу болуп жатканы, диктаторлукка айланганы, Европа Биримдигинен алыстаганы сыяктуу пропагандалар, саясат инженердиги жана психологиялык кыймылды ортого салууда»-деген Акдоган, бул акцияларга каршы Түркиянын эл аралык кызыкчылыгын коргош үчүн олуттуу коомдук дипломатия иш-чарасын жүргүзүүсү керектигин айтты.
Акдоган Түркияга эч кимдин багыт бере албай турганын да баса белгиледи.
Сөз сүйлөөлөр бүткөн соң сынакка катышкан журналисттерге сыйлыктары тапшырылды.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар