Түрк кинотасмалары Канадада

Ванкуверде түрк кинотасмаларынын фестивалы өтөт.

194210
Түрк кинотасмалары Канадада

Канаданын Ванкувер шаарында быйыл алгач ирет өтө турган түрк кинофестивалы 23-январда башталат.
Түркиянын маданиятын жана көркөм өнөрүн кино аркылуу таанытууну максаттаган фестивалдын ачылышы «Көпөлөктүн түшү» киносунун музыкасы жандуу аткарыла турган классикалык музыка концерти менен ишке ашат.
Гала кечесинде да атактуу куудул Жем Йылмаз башкарып ойногон «Жакында» кинотасмасы көрсөтүлө турганы билдирилди.
Көп сандаган түрк кинолору тартуулана турган Ванкувер түрк кинофестивалы 25-январь жекшемби күнү «Көпөлөктүн түшү» кинотасмасы көрсөтүлүп аяктай.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар