Алтын глобус-2015 ээлерин тапты

Golden Globe (Алтын глобус) сыйлыктары Беверли-Хиллзде уюштурулган азем менен ээлерине тапшырылды.

182338
Алтын глобус-2015 ээлерин тапты

«Оскар көнүгүүсү» катары баа берилген Golden Globe (Алтын глобус) сыйлыктары Беверли-Хиллзде уюштурулган азем менен ээлерине тапшырылды.
Быйыл 72-уюштурулган кино жана телекөрсөтүү дүйнөсүнүн эң престиждүү сыйлыктарынын арасында орун алган Алтын глобус сыйлык тапшыруу аземдеринде эң мыкты драма тасма сыйлыгын «Boyhood» (Балалык) киносу алды.
Бул тасма эң мыкты режиссер жана эң мыкты жардамчы аял оюнчу сыйлыктарын да алды.
Эң мыкты музыкаль жана комедия тасма сыйлыгы «The Grand Budapest Hotel» тасмасына берилди. «Birdman» тасмасы болсо эң мыкты сценарий менен музыка жана комедия тасмасы эң мыкты эркек оюнчу болуп эки тармакта сыйлык алды.
Эң мыкты телекөрсөтүү драма сериалы сыйлыгына Showtime тарабынан жарыяланган «The Affair» тасмасы ылайык көрүлдү.
Телекөрсөтүү драма сериалы тармагында Кевин Спасий, «House of Cards» сериялындагы аткаруусу менен эң мыкты эркек оюнчу сыйлыгына ылайык көрүлдү.
Сесил Б.Де Милля өмүр бою ийгилик сыйлыгы, мындан мурда үч жолу Алтын глобус, эки жолу Оскар сыйлыгын алган атактуу оюнчу, режиссер жана сценарист Жорж Клуниге берилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар