«Курманжан Датка» Анкарада көрсөтүлөт

Иш-чарага «Курманжан Датка» фондунун төрайымы Жылдызкан Жолдошова катышат.

151104
«Курманжан Датка» Анкарада көрсөтүлөт

Кыргыз кино тарыхынын эң кымбат киносу болгон жана Оскардын чет тилдердеги эң мыкты фильм номинациясына талапкер көрсөтүлгөн «Курманжан Датка» түрк кино сүйүүчүлөрүнүн назарына сунушталат.
Кыргыздардын тарыхында маанилүү барак болгон Орус падышачылыгынын эгемендигине кирген мезгилди түшүндүргөн «Курманжан Датка» кино тасмасынын режиссеру Садык Шер-Нияз.
Кино тасмада күйөөсү киши колдуу каза болгондон кийин Алай кыргыздарын башкарып калган Курманжан Датканын Орто Азияга орус өкүмчүлүгү жайылган убактагы турмушун түшүндүрөт.
1907-жылы каза болгонго дейре толук 30 жыл Алай калкын башкарган Курманжан Датка , Алай кыргыздарын орус басып алуусунун запкысынан куткарууну көздөгөн, дагы жеңил жашоо улантууларын камсыздаган лидер катары, учурда да «Алай Канышасы» деп аталат.
Спонсорлугун мамлекет милдеттенген 80 миллион сом сарпталган кино тасма 20-декабрда Анкарада түрк кино сүйүүчүлөрдүн назарына сунушталат.
Иш-чарага «Курманжан Датка» фондунун төрайымы Жылдызкан Жолдошова да катышмакчы.
"КУРМАНЖАН ДАТКА" тасмасы 20-декабрь Ишемби күнү саат 16:00дө Анкара шаарында койулат...
Адрес: Синемалар Генел Мүдүрлүгү
Анафарталар,No:67 (2-этаж) Улус/АНКАРА/ТУРКИЯ


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар