Орусия дагы бир жаңы спутнигин орбитага учурду

Жаңы спутник Орусиянын түндүгүндөгү Плесецк космодромунан учурулду.

210662
Орусия дагы бир жаңы спутнигин орбитага учурду

Орусия дагы бир жаңы спутнигин орбитага учурду.
Орусия өнүктүрүп жаткан Глонасс системасы үчүн дагы бир жаңы муундагы спутнигин учурду.
Жаңы спутник Орусиянын түндүгүндөгү Плесецк космодромунан учурулду.
Бул космодромдон жер шарынын орбитасына учурулган бешинчи жаңы муундагы навигациялык спутник.
Космодромдон алгачкы спуттик 2011-жылы учурулган болчу.
Орусия АКШнын GPS жана Европа Биримдигинин Галилео системалары менен атаандашуу масатында Глонассты өнүктүрүүдө.
Системанын толук иштөөсү техникалык себептерден улам бир канча жылга созулган абалда.
Глонасс системасы космоско учурулган спутниктердин жардамы менен иштеп жатат. Бул спутник аркылуу адамдардын, жердеги жана абадагы обьектилердин кайда жүргөндүгүн жана кыймылынын ылдамдыгын так билүүгө болот.
Учурда космосто 30 чакты Глонасс спутниги бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар