Экинчи Эл аралык Босфор кино фестивалы башталды
Түрк киносунун 100 – жашы да белгилене турган фестиваль 28 – ноябрга чейин улантылат
Фестивалдын ачылуу аземи Жемал Решит Рей концерт залында өткөрүлдү. Ачылышка көп сандаган жаш оюнчулар менен бирге режиссерлор катышты. «Эң жакшы кыска кыймылдуу фильм» тармагында Оскарга талапкер көрсөтүлгөн режиссер Сам Френчтин «Бузкаши балдары» киносу көрсөтүлдү. Афганстанда жашаган эки жакын достор Рафи жана Ахметтин баяны сүрөттөлгөн кино көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Фестивалга катышуу үчүн 102 өлкөдөн 3 миң 682 кино кайрылды. Жюри фестивалда жарыша турган биринчи 10 кинону белгилегенден кийин чоң сыйлык жюриси да 50 миң лиралык «Ахмет Улучай чоң сыйылыгын» ала турган кинону белгилейт.
Фестивалдын «сыймыктуу коногу» катары Түркия – Польша карым – катнаштарынын 600 – жылдыгы менен Польша белгиленди. Түрк киносунун 100 – жашы да белгилене турган фестиваль 28 – ноябрга чейин улантылат.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718852679)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718852679)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.