Кыргызстандын Түркиядагы элчиси мекендештери менен жолукту
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Анкарада мекендештери менен жолугушуу өткөрдү.
186812
Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов Анкарада мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.Ибрагим Жунусов өз сөзүндө Түркияда жүргөн кыргыз жарандарын элчиликке катталууга чакырып, жарандардын ар түрдүү маселелери менен кайрылуулары мүмкүн экендигин билдирди.
Ошондой эле Түркияда окуп жүргөн кыргыз жаштарын мекенин сүйүүгө үндөп, окууларын ийгиликтүү бүтүрүп Кыргызстанга өз салымдарын кошууга чакырды.
Жолугушууга элчи Ибрагим Жунусов менен бирге консул Айбек Акаев жана элчилик кызматкерлери толук катышып, жарандардын ар кыл суроолоруна жооп беришти.
Элчи жыйналышта олтурган Кыргызстандын ардактуу консулу Мусатафа Курт мырзаны да таанытып өттү. Мустафа Курт мырза ардактуу консул катары кыргыз жарандарына жана Кыргыз элчилигине ар түрдүү жардамдарын берип турат.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандар элчини мурда музыкант катары тааныгандарын айтышып, өздөрүнүн жазган ырларын да окуп берүүгө үлгүрүштү.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.