ТРТ, билим берүү прогрммасына жаңысын кошту
38 өлкөдөн 170ке жакын медиа кызматкери Антальяда ТРТнын билим берүү программасында жолугушту.
179688
Массалык маалымат каражаттары секторунун мектеби-ТРТ, билим берүү прогрммасына жаңысын кошту.
Эл аралык медиага билим берүү программасы ТРТнын башкы директору Шенол Гөканын да катышуусунда Антальяда башталды.
38 өлкөдөн 170ке жакын медиа кызматкери Антальяда ТРТнын билим берүү программасында жолугушту.
Интерактивдүү курстар бериле турган программанын алкагында ар башка өлкөлөрдөгү медиа мүчөлөрү бири-бирилери менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн табышат.
ТРТнын башкы директору Шенол Гөка бул темага байланыштуу: «Бул жолдоштор өлкөлөрүнө кайтышканда биздин элчибиз сыяктуу мамиле кылышат. Керек болсо интернет медиасында ар башка тармактарда, керек болсо радио-тв программаларында же кабар бөлүшүүдө бул жолдоштордон көп жагынан пайдаланабыз. Бир эле убакта биз да аларга жардам беребиз»,-деди.
Билим берүүнүн акырында катышуучуларга эл аралык жарактуулугу болгон сертификат берилет.
Катышуучулар да ТРТнын ушундай билим берүүнү уюштурганына ыраазы болушту.
Билим берүү программасы 14-ноябрда аяктайт.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.