Нежип Фазыл сыйлыктары Стамбулда ээлерине тапшырылды

Аземде президент Эрдоган Нежип Фазыл Сайгы сыйлыгын жазуучу Нури Пакдилге берди.

178852
Нежип Фазыл сыйлыктары Стамбулда ээлерине тапшырылды

"Стар" гезити тарабынан быйыл алгач ирет уюштурулган сыйлык аземине президент Режеп Таййип Эрдоган да катышты.
Президент Эрдоган Халич конгресс борборундагы аземде Нежип Фазылдын жаш муундарга өзүнө ишенүүнү үйрөткөнүн айтты.
Эрдоган, «Бүгүн жаңы Түркия, чоң Түркия деп айта алсак, мында Нежип Фазылдын изи, чыгармасы, маңдай тери, аракети бар»,-деп айтты.
Эрдоган, Нежип Фазылдын ахлакы жана намысы болбогон пикирлердин жашабай турганын баса белгилегенин эске салды.
Аземде президент Эрдоган "Нежип Фазыл Сайгы" сыйлыгын жазуучу Нури Пакдилге берди.
Аземде президент Эрдоганга Нежип Фазылдын бир сөзү жазылган картина белек кылынды.
"Нежип Фазыл" сыйлыктарынын алкагында ыр сыйлыгына Хүсейин Атлансой, аңгеме сыйлыгына болсо Гүрай Сүнгү ылайык көрүлдү.
Пикир жана изилдөө сыйлыктары болсо профессор Гүлру Нежипоглу жана профессор Исмаил Эрүнсалга ыйгарылды.
Сыйлык аземине адабият дүйнөсүнөн маанилүү ысымдары менен катар айрым министрлер да катышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар