Түркияда саат жебеси бир саат артка жылдырылды

Түркияда сааттар түнкү саат 4:00төн баштап 1 саат артка жылдырылды.

171487
Түркияда саат жебеси бир саат артка жылдырылды

Түркияда сааттар түнкү саат 4:00төн баштап 1 саат артка жылдырылды.
Күндүн нурунан дагы көп пайдалануу максатында 31-март дүйшөмбү күнү 3:00төн тарта бир саатка алдыга жылган сааттын жебеси, бул жолу 26-октябрь жекшемби күнү 4:00төн тарта 1 саатка артка жылды.
Түркияда жайкы мезгил тартиби жазында башталып күздүн ортосунда соңуна чыгат. Ушундайча 7 ай бою алдыга жылган саат, кайра артка жылат. Сааттын жылдырылышынан күтүлгөн пайда табуу жана үнөмдөө жайкы саат тартибинде аткарылат. Бул ишке ашыруулар Европа Биримдигиндеги саат тартибине параллель актарылууда.
7 айлык ишке ашыруу менен 800 миллион-1 миллиард киловатт саат электр энергиясынын үнөмдөлүшү божомолдонууда. Бул үнөмдөө көлөмү орто көлөмдүү гидроэлектрдик станциянын жылдык өндүрүшүнө тете.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар