Эң кымбат баага сатылган мотоцикл

Мотоцикл аукцион аркылуу сатылды.

164362
Эң кымбат баага сатылган мотоцикл

Кино тарыхынын культтук фильмдеринен «Easy Rider» тасмасында «Captain America» каарманын чагылдырган Питер Фонда колдонгон мотоцикл аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды.
АКШнын Калифорния штатындагы «Profiles in History» аукцион үйү, 1969-жылы жасалган мотоциклдин аукциондо аты жөнүн билдиргиси келбеген бир коллекционер тарабынан сатылып алынганын маалымдады.
Фонданын кол тамгасы орун алган мотоцикл кинотасмадан кийин 12 жыл Айова штатындагы Улуттук мотоцикл музейинде көргөзмө коюлган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар