Фотосүрөттөрдөн турган көргөзмө ачылды

Гүлердин 200дөй фотосүрөтү көрсөтүлүүдө.

159098
Фотосүрөттөрдөн турган көргөзмө ачылды


Германиянын борбор шаары Берлинде Ара Гүлердин тарткан фотосүрөттөрүнөн турган көргөзмөнүн ачылышы болду.
«Freundeskreis Willy-Brandt-Haus» коому тарабынан уюштурулган жана Ара Гүлердин 200дөй фотосүрөтүнөн турган «Стамбул тууралуу петроспективдүү көрүнүштөр 1950-2005» аттуу көргөзмө, Социалдык демократ партиясынын башкы борборунда ачылды.
Көргөзмөнүн ачылышына фотосүрөтчү Ара Гүлер да катышты. Урмат-сый менен тосуп алышкан катышуучулар атактуу фотосүрөтчүнүн кол тамгасын койдурууга ашыгышты.
Көргөзмөнү 2015-жылдын 15-январына чейин шейшемби-жейшемби күндөрүнүн арасында саат 12:00-18:00 арасында Willy-Brandt House борборунда кыдырып көрүүгө болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар