Түрк кинотасмалары Монголияда көрсөтүлөт

Улан-Батордо өтө турган кинофестивалдын алкагында түрк кинотасмалары көрсөтүлөт.

150810
Түрк кинотасмалары Монголияда көрсөтүлөт


Түркия менен Монголиянын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын 45 жылдыгы жана түрк киносунун 100 жылдыгынан улам Монголияда «Түрк киносуна көңүл буруу» аттуу иш-чара өткөрүлөт.
9-октябрда боло турган иш-чара 8-октябрда баштала турган 2-Эл аралык Улан-Батор кинофестивалынын алкагында өтөт.
Фестивалдын «Түрк киносуна көңүл буруу» программасында «Көпөлөктүн түшү», «Кыш уйкусу» жана «Козу» аттуу кинотасмалар монголиялыктарга тартууланат.
10-октябрда да «Күнүбүздүн түрк китотасмасы» темалуу форум өткөрүлөт.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар