Түркия АКШда таанытылды

АКШда өткөн иш-чарага кызыгуу абдан көп болду.

143961
Түркия АКШда таанытылды

Вашингтондо Түркия таанытылды.
12-Салттык түрк фестивалына чоң кызыгуу көрсөткөн америкалыктар Түркиянын тарых, маданият жана искусствосун таануу, түрк тамактарынын даамын татуу мүмкүнчүлүгүн тапты.
Түркия-Америка коомчулугу тарабынан быйыл он экинчиси өткөрүлгөн түрк фествалы Ак үйгө эки блок жакын жердеги Фридом Плазада өткөрүлдү.
Түрк музыкасы жана элдик бийлер чоң кызыгуу тарткан фестиваль Түркиянын таанытылышына да салым кошту.
Америкада жашаган түрк жаштар да эки маданияттын ортосунда көпүрө милдетин аткарды.
Түрк фирмалары да таанытылган фестивалга кызыгуу абдан көп болду.
Өзгөчө аялдар көп кызыккан түрк базарында кооздук буюмдар, колго согулган кездемелер жана карапа сыяктуу түрк кол өнөрчүлүк товарлары көздүн жоосун алды.
Фестивалдын алкагында америкалыктар, түрк ашканасынан даам татты. Кебаб, дөнер, чөрек, гөзлеме жана таттуулар сатылган стенддердин алдында узун кезек түзүлдү.
Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылыч да фестивалга көрсөтүлгөн кызыгууга ыраазы болгонун билдирди.
Кылыч иш-чаранын өткөн жылы эң мыкты фестиваль болуп тандалганын баса белгилеп, быйыл да ошондой эле баалуулукту күткөндөрүн айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар