Эл аралык космостук станцияга жаңы сапар...

Космонавттарды ташыган кеме Эл аралык космостук станцияга жетти.

140399
Эл аралык космостук станцияга жаңы сапар...


Орус космонавттар Элена Серова жана Александр Самокутаев менен америкалык астронавт Барри Вилморду ташыган кеме Казакстандагы «Байкоңур» космодромунан учурулду.
Космостук кеме, акыркы мезгилде колдонула баштаган кыска жолду колдонуп 6 сааттан кийин Эл аралык космостук станцияга жетти.
Ал эми Элена Серова Орусиянын 17 жылдан кийин космоско жөнөткөн алгачкы аял космонавт болду.
Үч кишилик жаңы топ менен бирге космостук станциядагы космонавттардын саны эки эсе көбөйдү.
Экипаждын мүчөлөрү ар түрдүү илимий изилдөөлөрдү жана оңдоо иштерин жүргүзүшөт.
100 миллиард доллар сарпталган Эл аралык космостук станцияга өз салымдарын кошкон 15 өлкө, НАСАнын космостук программасын жапкандан кийин станцияга Союз аркылуу учууда. Орус кемелери менен учууда ар бир учкуч үчүн 71 миллион доллар сарпталууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар