Стамбулда жаңы аппараттар менен жабдылган оорукана салынууда

Оорукананын 20 айдын ичинде курулуп бүтүүсү пландалууда.

132933
Стамбулда жаңы аппараттар менен жабдылган оорукана салынууда

Стамбул дагы бир жаңы ооруканага ээ болот.
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жаңы аппараттар менен жабдылган Түркиянын саналуу ооруканаларынын бири Стамбулдун Султангази районуна салынууда.
Оорукананын пайдубалы саламаттык сактоо министри Мехмет Мүэззиноглу тарабынан түптөлдү.
46 миң чарчы метрдик аянтка курула турган 600 орундуу оорукананын 200 оруну төрөткана үчүн бөлүнөт.
Оорукананын 20 айдын ичинде курулуп бүтүрүлүшү пландалууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар