1-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктады

1-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий эмес жыйынтыктары төмөнкүчө:

125622
1-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктады

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий болбогон жыйынтыктарына караганда Кыргызстан алдыда.
9-14-сентябрь күндөрүнүн арасында болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгында Кыргызстан 55 медаль менен таандаштарынан озуп чыкты.Анда Кыргызстан 16 алтын, 20 күмүш жана 19 коло медалга ээ болгон.
Экинчиликке Казакстан 10 алтын, 9 күмүш жана 3 коло медаль менен ээ болду.
Түркмөнстан 3 алтын жана 3 коло медаль менен үчүнчүлүктү алды.
Тажикстан 1 алтын жана 3 коло медаль менен төртүнчү болсо, Монголия 6 күмүш жана 6 коло медаль менен бешинчиликти ээлешти.
Оюндарга бардыгы 22 курама команда катышып, спорттун 10 түрү боюнча жарышышты. Алар; алыш, аламан байге, жорго салыш, кунан чабыш, оодарыш, казак күрөшү, кыргыз күрөшү, көк бөрү, ордо жана тогуз коргоол.

 

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар