Чилиде түрк сериалы

Актер Халит Эргечтин Чилиде көптөгөн фанаты бар

124648
Чилиде түрк сериалы

Чилиде түрк сериалдары эң көп көрүлгөн программалардын арасында орун алды. Театр жана кино оюнчусу Халит Эргенч Онур ролун аткарган «Миң бир түн» сериалы өлкөдө рекордго жетти. Акыркы мезгилдерде эң популярдуу программалардын арасында орун алган жана аты испан тилинде ''Las mil y una noches'' деп которулган сериалдын башкы каармандарынан Эргенчтин абдан чоң көп фанаттары бар.
Түркияда да берилип жаткан мезгилде популярдуу болгон сериалдын 24 – августтагы бөлүгүн көрүү катнашынын Чилинин дүйнөлүк кубогунда Бразилия менен беттешүүсүнөн дагы жакшы экени белгиленди.
Сериалды берген телекөрсөтүү каналы калктын абдан чоң кызыгуу көрсөтүүсү менен башка «Фатмагүлдүн эмне күнөөсү бар» сериалын бере баштады жана «Даңазалуу доор», «Мүмкүн болбогон махабат» келерки жылы бериле турган сериалдардын арасында. Ошол эле учурда Халит Эргечтин 1978 – жылдан бери ар жыл ноябрь айында өткөрүлгөн багыш программасына чакырылуусу күтүлүүдө. Программа 36 жылдык тарыхында майып балдар үчүн 286 миллион доллар багыш чогултту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар