Алтын Арстан сыйлыгы ээсине тапшырылды

11 жаштагы бала бала оюнчу Доган Изжи да Эң мыкты эркек оюнчу сыйлыгын алды.

116549
Алтын Арстан сыйлыгы ээсине тапшырылды

71-Венеция кино фестивалында эң мыкты кино тасмага берилген Алтын Арстан сыйлыгынын ээси белгилүү болду.
Александр Деспла жетектеген калыстар тобу , Алтын Арстанга швециялык режиссер Рой Андерссондун комедия-драма формасындагы «Көгүчкөндүн бири талга конуп, жашоо менен алектенди» (A Pigeon Sat On A Branch Reflecting On Existence) аттуу тасмасын ылайык көрдү.
Сыйлыгын Венеция биеналлесинин төрагасы Паоло Бараттадан алган Андерссон кино карьерасында итальян кинолорунан таасир алганын белгилеп: «Венеция кинофестивалында бул сыйлыкты алуу мен үчүн чоң сыймык»,-деди.
Сыйлык үчүн жарышкан кино тасамалрдын арасында Каан Мүждежинин «Сивас» аттуу тасмасы да орун алды.
Аслан аттуу 11 жаштагы бала менен «Сивас аттуу кангал иттин боз талаада өткөн достук аңгемеси түшүндүрүлгөн кино тасма, калыстар тобунун кызыктыруучу сыйлыгына ылайык көрүлдү.
Кино тасманын бала оюнчусу Доган Изжи да Эң мыкты эркек оюнчу сыйлыгын алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар