2013-жылы Түркияга 35 миллионго жакын турист келди

Тарыхый жайлары жана табигый жаратылышынан улам Түркияны жыл сайын миллиондогон турист кыдырууда.

212532
2013-жылы Түркияга 35 миллионго жакын турист келди

35 миллионго жакын турист 2013-жылы Түркияны тандады.
Коомдук жана менчик мекемелердин инвестициялары менен бул көрсөткүчтүн быйыл дагы да өсүшү күтүлүп жатат. 
Тарыхый жайлары жана табигый жаратылыш кооздугунан улам көптөгөн өлкөнүн алдында болгон Түркияны жыл сайын миллиондогон турист кыдырууда.
Карабүктүн Сафранболу району да тарыхый үйлөрү, мончолору жана суу чорголору менен эң көп турист тарткан жерлердин бири болуп эсептелет.
Сафранболу муниципалитети ар түрдүү иш-чараларды жүргүзүп, жыл сайын 600 миң болгон турист санын 1 миллионго жеткирүүнү максаттоодо.
Туризмди өнүктүрүү үчүн тыгыз иштеп жаткан дагы бир жер болсо Кайсери.
Эржийес тоосунда курулган жаңы жайлар аркылуу лыжа туризмине болгон кызыгууну арттыруусу күтүлүүдө.
Эржийес мастер-пландын алкагында жасалган инвестициялар аяктагандан кийин 5 миң киши да жумуш менен камсыздалат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар