Дүйнөнүн эң мыкты фотосүрөтчүлөрү Түркияда...

Дүйнөнүн эң мыкты 300 фотосүрөтчүсү ушул убакта Түркияны кадам кадам кыдырууда.

113075
Дүйнөнүн эң мыкты фотосүрөтчүлөрү Түркияда...

41 өлкөдөн келген дүйнөнүн эң мыкты 300 фотосүрөтчүсү ушул убакта Түркияны кадам кадам кыдырууда.
130 өлкө мүчө болгон Эл аралык фотосүрөт искусствосу федерациясы (FIAP) алгач ирет Түркияда курултай өткөрүүдө.
7-октябрга чейин Түркияда боло турган фотосүрөт чеберлери жер-жерди кыдырып Түркиянын фотосүрөтүн тартат.
Курултайды өткөрүп жаткан Түркия фотосүрөт искусствосу федерациясынын төрагасы Сами Түркай, FIAP тарабынан уюштурулган Кара-ак биенналенин 32-көргөзмөсүнүн кечээ Анкарадагы ачылыш кечесинде FIAPтын 32-курултайынын Түркияда өткөрүлүшүнүн абдан маанилүү болгонун айтты.
FIAPтын төрагасы Рикардо Буси да: «Кооздук жана салт жалгашкан бул сыйкырдуу өлкөдө бизди жолугуштурган фотосүрөт көргөзмөсү болду. Өлкөлөрүбүзгө кайтканыбызда өлкөңүздүн көрүнүштөрүн, сезимдерин көрсөтөбүз. Меймандос мамилеңиз үчүн сиздерге ырахмат айтабыз»,-деди.
Ал кечеге катышкан маданият жана туризм министри Өмер Челик дүйнөнү түшүнүүбүздө фотосүрөтчүлөрдүн өзгөчө орду болгонун айтып: «Фотосүрөт чебери тынчтыкты, согушту, мекенди жана сагынычты... Жашоого байланыштуу бардык белгилерди бизге чагылдырууда»,-деди.
Биенналеде алтын медаль Австриядан, күмүш медаль Вьетнамдан, коло медаль Англиядан катышкан чеберге ыйгарылды. Кара-ак биенналенин Дүйнөлүк кубок сыйлыгы болсо министр Челик тарабынан бахрейндик чеберге тапшырылды.
Кечеге катышкан коноктор андан соң Кара-ак биеннале сүрөт көргөзмөсүн кыдырышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар