Чет өлкөлүк жаш лидерлер Стамбулда чогулушту
Стамбулда башталган программага 52 жаш лидер катышууда.
Түркиянын үнүн дүйнөгө угуза турган жаш лидерлер Стамбулда чогулушту.
«Чет өлкөлүк жаш лидерлер программасына» 8 башка өлкөдөн 52 жаш лидер катышты.
Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Чет өлкөлүк жаш лидерлер» программасы Стамбулда башталды.
Биринчиси 2013-жылы өткөрүлгөн программага быйыл Англия, Германия, Швеция, Норвегия, Канада жана Швейцариядан тандалган 52 жаш лидер чакырылды.
Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын төрагасы Кудрет Бүлбүл, жаңы Түркиянын ар ким менен диалог кура алган жаш муунга муктаждыгы бар экенин айтты.
Жаштар 1-сентябрга чейин улана турган программанын алкагында түрк тилинен тарыхка чейин көптөгөн тема карала турган семинар жана иш-чараларга катышышат.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.