Сараеводо кино фестиваль өттү

Эң чоң сыйлыкты түрк киносу "Энемдин ыры" жеңип алды.

101606
Сараеводо кино фестиваль өттү

Сараеводогу кино фестивалга түрктөр тамгасын бастырды.
20-Сараево кино фестивалында Сараевонун Жүрөгү сыйлыгын түрк киносу «Энемдин ыры» жеңип алды. Эң мыкты эркек оюнчу категориясына Феййаз Думан тандалды.
Европанын маанилүү кино фестивалдарынан бири катары көрсөтүлгөн 60 башка өлкөдөн 247 кинотасма миңдеген кино сүйүүчүлөрдүн назарына сунушталган жана «Анадолу» агенттиги медиа өнөктөштүгүн кылган 20-Сараево кино фестивалы Элдик театрда уюштурулган азем менен аяктады.
Фестивалдын алкагында кыска метраждуу кинотасма, даректүү кинотасма жана толук метраждуу кинотасма категорияларында Сараевонун Жүрөгү сыйлыктары таркатылды.
Толук метраждуу кинотасма категориясында Сараевонун Жүрөгү сыйлыгын, режиссер Эрол Минташтын быйылкы фестивалда эң мыкты фильм болуп тандалган «Энемдин ыры» кино тамасы жеңди.
Сараевонун Жүрөгү эң мыкты эркек оюнчу сыйлыгы Эрол Минташ тарткан «Энемдин ыры» кино тасмасында ойногон Феййаз Думанга берилсе, эң мыкты аял оюнчу сыйлыгы болсо «Бридес» киносунда роль алган Мари Китага берилди.
Даректүү тасма тармагында Сараевонун Жүрөгү сыйлыгы режиссер Тиха К. Гудактын «Naked Island» кинотасмасына берилди. Даректүү тасма категориясында калыстар тобунун атайын сыйлыгын Эстер Хайдунун «Judgement in Hungary» атуу кинотасмасы алды.
Кыска метраждуу тасма категориясында Сараевонун жүрөгү сыйлыгы режиссер Уна Гуняктын «The Chicken» аттуу кинотасмасына берилди.
20-Сараево кино фестиалынын алкагында Сараевонун Жүрөгү ардак сыйлыгы үчүн босния-герцеговиналык режиссер Данис Танович ылайык көрүлдү.
20-Сараево кино фестиалынын ачылышында Сараевонун Жүрөгү ардак сыйлыгы долбоорчу Агнес В. жана оюнчу Гаэль Гарсия Берналга тапшырылган.
Сыйлык аземи кечеде сыйлык алган оюнчу жана режиссерлор менен калыстар тобунун мүчөлөрүнүн топтуу фотосүрөткө түшүүсүнөн кийин аяктады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар