Сүлейман Себа дүйнөдөн кайтты

Бешикташ клубунун ардактуу төрагасы Сүлейман Себа 88 жашында дүйнө салды.

91162
Сүлейман Себа дүйнөдөн кайтты

Бешикташ клубунун ардактуу төрагасы Сүлейман Себа 88 жашында дүйнө салды.
Дем алуу жолдорундагы инфекциянын себебинен дарыланган, андан кийин белгиленген жоон ичегисинин катып калышынын себебинен операция болгон Себа, бир топтон бери Стамбулда дарыланып жаткан эле.
Себанын өлүмү ак-кара түстүү команда жамаатын кайгыга салды.
Бешикташ клубунун төрагасы Фикрет Осман, мурдагы бешикташтык башкаруучулар, бешикташтык спортчулар, жалпы кеңештин мүчөлөрү жана көп сандаган күйөрмандар ооруканага чубашты.
Себанын өлүмү боюнча Бешикташ жамааты, «Бешикташыбыздын тарыхына тамгасын бастырган. Өмүрүнүн толугун ак-кара түстө жашаган. Көңүлүндө жана акылында ар дайым Бешикташ болгон, ар дайым жол көрсөтүүчүбүз жана жамаатыбыздын бириктирүүчү инсаны болгон, ардактуу башчыбыз Сүлейман Себадан ажыроонун терең кайгысын тартуудабыз»,-деген билдирүү жарыялады.
Анда, «Бешикташтыктын эң маанилүү өкүлү Сүлейман Себанын жаркын элеси мындан ары бешикташтыктардын жүрөгүндө сакталат. Анын элеси эч качан унутулбайт»,-деген сөздөргө орун берилди.
Сүлейман Себа дүйнөдөн каткандыгы үчүн ар кайсы клубдардан көңүл айтылып жатат.
Себанын сөөгү эртең Стамбулда жерге берилет.
Себа үчүн жаназа намазынын алдында Водафон Аренада саат 10:00де узатуу аземи өткөрүлөт.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар