ЮНЕСКО Түркиядан эки жергени мураска кошту

Жумалыкызык жана Бергама Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди.

104827
ЮНЕСКО Түркиядан эки жергени мураска кошту


Дохада өткөн ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар комитетинин 38-чогулушунда “Бурса Жумалыкызык” менен “Бергама” дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди.
Катардын улуттук конгресс борборунда өткөн жыйналышта, Катар сунуштаган “Бурса жана Жумалыкызык: Осмон империясынын пайда болушу” жана Германия сунуштаган “Бергама, көп катмарлуу маданий көрүнүш аймагы” аталыштарындагы документтер Дүйнө мурастар тизмесине кабыл алынды.
“Жумалыкызык алгачкы Осмон шаары жана айылдык отурукташуулар” менен “Бергаманын” кабыл алынышынын натыйжасында Түркиянын Дүйнө мурастар тизмесине катталган аянттарынын саны 11ден 13 кө жетти.
“Бурса жана Жумалыкызык: Осмон империясынын пайда болушу” аталышындагы Дүйнөлүк мурас аймагы, Орхангази комплекси баштаган, Ханлар аймагын, Хүдавендигар, Йылдырым, Йешил, Мурадие комплекстерин жана Жумалыкызык айылын камтыган 6 бөлүктөн турат.
Элленистикалык доордогу эң чоң китепканалардын бири жайгашкан Бергама да, маданий көрүнүш категориясында тизмеге алынды. Элленисттик, Рим, Чыгыш Рим жана Осмон мезгилдерине таандык катмарларды камтыган Бергама, акрополь, айланасындагы жети коргону жана Кыбеле Ыйык аянты менен кошо тогуз бирикмеден турат.
Эскерте кетсек, Туркиянын Дүйнөлүк мурастар тизмесине төмөнкүлөрдүн документтери киргизилген, Стамбулдун тарыхый аянттары, Дивриги Улу Жами жана Дарүшшифа, Хаттушаш, Ханзос Летуун, Немрут тоосу,Сафранболу шаары, Трува эски шаары, Эдирне Селимия мечити жана мунарасы, Гөреме улуттук паркы жана Кападокия, Памуккале Иераполис жана Чаталхөйүк неолитик шаары.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар