Биржан жана Сара операсы...
Операда түрк тилдүү мамлекеттерден чеберлер орун алышты.
«Биржан жана Сара» операсы Эскишехирде сахнага чыгарылды...
Эскишехир-2013 Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары иш-чараларынын алкагында, Казакстан операсынын эң маанилүү ысымдарынан «Биржан жана Сара» Эскишехирде искусство сүйүүчүлөргө тартууланды.
«Ататүрк» конгресс жана маданият борборунда либреттосу Кажим Жумалиевге таандык, түрк тилдүү мамлекеттерден чеберлердин катышуусунда Самсун мамлекеттик опера жана балетинин чеберлери, хор жана оркестри сахнага чыгарган чыгарманы дрижер Толга Тавиш башкарды.
Операда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия Федерациясына караштуу Башкортостан жана Татарстан Республикалары менен Түркиядан чеберлер орун алышты.
Атактуу казак композитору Мукан Төлебаевдин «Биржан жана Сара» операсы Эскишехирден кийин 16-июнда «53-Эл аралык Бурса фестивалында, 20-июнда гастролдун акыркы бөлүмү Анкарада көрүүчүлөргө тартууланат.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718861268)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718861268)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.