Түрк лососунун экспорту өстү

Саффет Калёнжу, аймактан 19 өлкөгө 8 миң 633 тонна түрк лосось балыгы экспорттолгондугун айтты.

2137434
Түрк лососунун экспорту өстү

Чыгыш Карадеңиз аймагынан январь-апрель мезгилинде ишке ашкан түрк лосось экспорту 56 пайызга өстү.

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Саффет Калёнжу, аймактан 19 өлкөгө 8 миң 633 тонна түрк лосось балыгы экспорттолгондугун айтты.

Бул экспорттон 44 миллион 292 миң 248 долларлык киреше түшкөнүн маалымдаган Калёнжу, экспорттун 4 миң 89 тоннадан 28 миллион 479 миң 226 долларлык киреше түшкөн өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу сан жагынан 111 пайызга, нарк жагынан да 56 пайызга өскөнүн кабарлады.

Аймактын экспортунда Орусия Федерациясынын биринчи орунда экенине көңүл бурган Калёнжу: «Жылдын 4 айында аймагыбыздан Орусия Федерациясына 28 миллион 856 миң 841 долларлык түрк лосось балыгы сатылды. Орусиядан кийин 8 миллион 980 миң 729 доллар менен Вьетнам, 3 миллион 123 миң 818 доллар менен Япония турат. Бул мезгилде өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып Египет, Украина, Кытай Эл Республикасы, Литва, Филиппин, Малайзия, Испания, Кения, Франция жана Данияга да экспорт жасалды»,-деди.



Тектеш кабарлар