Министр Болат: "АКШ менен соода өсүүдө"

Өмер Болат Стамбулда өткөрүлгөн Trade Winds иш-чарасында сөз сүйлөдү.

2139433
Министр Болат: "АКШ менен соода өсүүдө"

Соода министри Өмер Болат Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы соода байланыштарынын оң өнүгүп жатканын айтты.

Өмер Болат Стамбулда өткөрүлгөн Trade Winds иш-чарасында сөз сүйлөдү.

Түркия менен АКШнын ортосундагы соода көлөмүнүн 16 миллиард долларга жеткенин билдирген Болат, АКШнын Түркиянын экинчи эң чоң экспорт рыногуна айланганын баса белгиледи.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн максатынын 100 миллиард доллар экенин айткан министр Болат, мунун оңой эле ишке аша турчу максат экенине басым жасады.

Түрк фирмаларынын АКШга кызыгуусу артып жатканын кабарлаган соода министри: «2023-жылдын акырына карата компанияларыбыздын АКШдагы инвестициясы 11 миллиард долларга жетип, чет элдик инвестицияларыбыздагы АКШнын үлүшү 16 пайызга жетти»,-деди.

Үч күнгө созула турган иш-чарага 120дан ашык америкалык компаниялар катышууда.



Тектеш кабарлар