Мехмет Шимшек Дохадагы сессияда сөз сүйлөдү

Бекем экономикалык программага ээ экендиктерин баса белгилеген Мехмет Шимшек, структуралык реформалар аркылуу өндүрүмдүүлүктү жана атаандаштыкты арттыра тургандарын билдирди.

2140020
Мехмет Шимшек Дохадагы сессияда сөз сүйлөдү

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Түркияда туруктуу жогорку өсүштү, өндүрүмдүүлүктү жана атаандаштыкты арттырууну максат кылгандарын айтты.

Мехмет Шимшек Катардын борбор шаары Дохада уюштурулган Катар экономикалык форумунун алкагында өткөрүлгөн «Атаандашчыл экономикаларды түзүү» аттуу сессияда сөз сүйлөдү.

Бекем экономикалык программага ээ экендиктерин баса белгилеген Мехмет Шимшек, структуралык реформалар аркылуу өндүрүмдүүлүктү жана атаандаштыкты арттыра тургандарын билдирди.

Министр Шимшек: «Бизде туура саясат жана структуралык трансформацияга багыт бар. Экөөнүн айкалышы инвесторлордун ишенимине ээ болууга жардам берет деп ойлойбуз»,- деди.

Туруктуу жогорку өсүштүн артынан түшкөндөрүн баса белгилеген Мехмет Шимшек, атаандаштык үчүн жогорку өндүрүмдүүлүктүн зарыл экенин айтты.

Түркиянын макро алдын алуу чараларынын олуттуу түрдө жеңилдетилгенине көңүл бурган Шимшек: «Жакшы иштеген рынок атаандаштыктын жана өндүрүмдүүлүктүн ачкычы болуп саналат. Биз да дал ушундай кылып жатабыз»,-деди.

Шимшек Түркиянын ички дүң продукциясынын 1,1 триллион доллар экенин эске салып, экономиканын акыркы 20 жылда орто эсеп менен 5,5 пайызга өскөнүн маалымдады.



Тектеш кабарлар