Антальяга келген турист саны 2 миллионго жакындады
Бул тууралуу Кесипкөй мейманкана менеджерлери ассоциациясынын төрагасы Хакан Саатчиоглу маалымат берди.
2133968
Антальяга келген чет элдик турист саны 1 миллион 870 миңге жетти.
Кесипкөй мейманкана менеджерлери ассоциациясынын төрагасы Хакан Саатчиоглу сезонду жакшы баштагандарын белгилеп : "Кечээтен тарта Антальяга келген коноктордун саны к 1 миллион 870 миңге жетти. Былтыркыга салыштырмалуу 16 пайыздык өсүү катталды",- деди.
Антальянын кыш сезону да активдүү өткөнүн айткан Саатчиоглу жылдын акырында 17 миллион турист санына жетүүгө болорун айтты.