Түркияга чет элдик инвестордун кызыгуусу артууда
Эл аралык инвесторлор ассоциациясы “Эл аралык тике инвестициялар бюллетенин” чыгарды.
Түркияда камсыздалган ишеним жана ырааттуулук процесси дүйнөлүк масштабда да жооп табууда.
Чет элдик инвесторлордун Түркияга болгон кызыгуусу артууда.
Эл аралык инвесторлор ассоциациясы “Эл аралык тике инвестициялар бюллетенин” чыгарды.
Маалыматка ылайык, январь айында Түркияга 910 миллион долларлык эл аралык түз инвестиция агымы кирди.
Өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 20 пайыздык өсүш болду.
Тармактык негизде эң көп инвестиция агымы тоо-кен жана карьер тармагында байкалды.
Январь айында эң көп эл аралык инвестиция 44 пайыз менен Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) келди. АКШдан кийин 17 пайыз менен Германия жана 12 пайыз менен Улуу Британия турат. Ал эми Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн инвестициядан түшкөн жалпы үлүшү 27 пайызды түздү.
Тектеш кабарлар
Министр Болат: "АКШ менен соода өсүүдө"
Өмер Болат Стамбулда өткөрүлгөн Trade Winds иш-чарасында сөз сүйлөдү.