Түркия 2023-жылы 2 миллиард 752 миллион долларлык килем сатты
Түрк килем өндүрүүчүлөрү бул экспорттон 2 миллиард 752 миллион 647 миң долларлык киреше табышты.
![Түркия 2023-жылы 2 миллиард 752 миллион долларлык килем сатты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/47c5/cee7/4d69/659bdbe10e82b.jpg?time=1718850943)
Түрк килем өндүрүүчүлөрү, өткөн жылы 612 миллион 194 миң метр квадраттык килем экспортунан 2 миллиард 752 миллион 647 миң долларлык киреше тапты.
Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар биримдигинин маалыматтарына караганда, Түркиядагы килем өндүрүүчүлөр 2023-жылы 180 өлкө жана эркин аймактарга 612 миллион 194 миң чарчы метр килем сатты.
Түрк килем өндүрүүчүлөрү бул экспорттон 2 миллиард 752 миллион 647 миң долларлык киреше табышты.
Сектор эң көп кирешени 2 миллиард 188 миллион 116 миң доллар менен машинада токулган килемдерден алды.
Андан соң 483 миллион 15 миң доллар менен түктүү килемдер (атайын дизайн), 72 миллион 620 миң доллар менен колго жасалган килемдер жана 8 миллион 896 миң доллар менен килемдер ээледи.
Өлкө боюнча Түркиядан эң көп килемди 773 миллион 20 миң доллар менен Америка Кошмо Штаттары (АКШ) импорттоду.
АКШдан кийин 269 миллион 858 миң доллар менен Сауд Арабия, 194 миллион 889 миң доллар менен Ирак жана 178 миллион 765 миң доллар менен Англия турат.
Өткөн жылы Сауд Арабияга килем экспорту мурунку жылга салыштырмалуу 129 пайызга өстү.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718850943)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718850943)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.