Кондитердик азыктардын экспорту 2 миллиард долларга жакындады

Эгей экспортчулар биримдиги маалымат берди.

2075676
Кондитердик азыктардын экспорту 2 миллиард долларга жакындады

Түркиянын кондитердик жана шоколаддуу кондитердик азыктарынын экспорту 11 айлык мезгилде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12 пайызга өсүп 2 миллиард долларга жакындады.

Эгей экспортчулар биримдигинин билдирүүсүнө караганда, Түркиянын 2022-жылдын январь-ноябрь айларында 1 миллиард 735 миллион долларды түзгөн кондитердик жана шоколаддуу кондитердик азыктардын экспорту, быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 12 пайызга өсүп 1 миллиард 939 миллион долларга жетти.

Кондитердик азыктарда АКШ, Англия жана Ирак, шоколаддуу кондитердик азыктарда болсо Ирак, АКШ жана Сауд Арабия эң маанилүү рыноктор болуп саналат.



Тектеш кабарлар