Түркиянын лосось экспорту

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Сафет Калёнжу, аймактан 18 өлкөгө 21 миң 890 тонна түрк лососунун экспорттолгондугун айтты.

2068183
Түркиянын лосось экспорту

Чыгыш Кара деңизден жылдын биринчи 10 айындагы түрк лосось экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 44 пайыздык өсүү менен 133 миллион 220 миң 467 долларга жетти.

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Сафет Калёнжу, аймактан 18 өлкөгө 21 миң 890 тонна түрк лососунун экспорттолгондугун айтты.

Калёнжу бул экспорттон 133 миллион 220 миң 467 долларлык киреше түшкөнүн, экспорттун өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көлөмү жагынан 69 пайыз, нарк жагынан 44 пайызга өскөнүн белгиледи. Былтыр12 миң 936 тонна түрк лососунан 92 миллион 503 миң 821 долларлык киреше алынган.

Түрк лосось экспортунда Орусия Федерациясынын алдыңкы орунда экенине көңүл бурген Калёнжу: «Аймагыбыздан жылдын 10 айында 18 өлкөгө түрк лосось балыгы сатылды. Орусия Федерациясы, Вьетнам жана Беларус эң көп лосось сатылган 3 өлкө болду. Бул мезгилде Орусия Федерациясына 94 миллион 826 миң 603 доллар, Вьетнамга 25 миллион 423 миң 215 доллар, Белоруссияга 5 миллион 205 миң 302 долларлык лосось экспорттолду»,- деди.



Тектеш кабарлар